SerepTV Logo

"Токио-2020". Үзүр Жусупбеков медалга ээ боло алган жок

"Токио-2020". Үзүр Жусупбеков медалга ээ боло алган жок
Кыргызстандык спортчу Үзүр Жусупбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында оюнун жыйынтыктады. Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Жусупбеков 1/8 финалда мурдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү армениялык Артур Алексанян менен күрөшкөн. Анын жыйынтыгында Армениянын спортчусу Жусупбековду 4:1 эсебинде жеңип алган. Андан кийин Армениянын спортчусу дагы 2 атаандашын жеңип, финалга чейин жеткендигине байланыштуу Үзүр Жузупбеков жубатуучу беттешке чыкты. Бүгүн, 3-августта жубатуучу бетештин биринчи раундунда кыргызстандык балбан Финляндиянын өкүлү менен кармашып, ага утулуп калып, Олимпиададагы оюнун медалсыз жыйынтыктады.
edita