SerepTV Logo

"Токио-2020". Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

"Токио-2020". Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиада оюндарында чейрек финалга чыкты. Ал бүгүн, 2-августта эркин күрөш боюнча беттешке 68 килограмм салмакта чыкты. 

Жалпысынан бул салмакта 16 спортчу бар, кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштады.

Жуманазарованын биринчи атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болду. Кыргызстандык 7:5 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Анын кийинки атаандашы нигериялык Блессинг Оборудуду болмокчу. 

edita