SerepTV Logo

ТОКИО-2020: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жапонияга учуп кетишти

ТОКИО-2020: Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жапонияга учуп кетишти
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Жапонияга бүгүн, 27-июлда учуп кетишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн Олимпиадага жолдомо уткан Жоламан ШаршенбековАкжол МахмудовҮзүр ЖусупбековАтабек Азизбеков жана эки машыктыруучу Японияга учуп кетишти. Алгачкылардан болуп, 1-августта саат 08:00дө, 60 килограмм салмакка чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 килограмм салмакка чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков беттешет. Ал эми 3-август күнү саат 08:00дө, 87 килограмм салмакка чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.   [gallery columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="65984,65985,65986"]
Unknown Author