SerepTV Logo

"Токио-2020". Бүгүн Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт

"Токио-2020". Бүгүн Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбан айым Мээрим Жуманазарова бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт. Ал эркин күрөш боюнча 68 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда. Бул салмакта жалпы 16 спортчу катталган болчу. Мээрим алгачкы беттешин кечээ, 2-августта өткөргөн. Анын атаандашы болгариялык Мими Николова Христова болгон. Мээрим атаандашын 7:5 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өткөн. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, бирок 2:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми нигериялык спортчу жарым финалда монголиялык спортчуну жеңип, финалга чыккан. Муну менен ал Мээримге жубатуучу беттеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. 3-августта жубатуучу оюндардын биринчи раундунда кыргызстандык балбан азербайжандык Элиса Манолова менен кармашып, жеңишке жетти. Эми коло медаль үчүн болгон беттеште Жуманазарова Монголиянын спортчусу менен беттешет. Аялдар арасында коло үчүн беттештердин башталышы Бишкек убактысы боюнча 17:55те болот.
edita