"Токио-2020". Балбан Айаал Лазарев биринчи беттешинде утулуп калды
Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешинде жеңилип калды. Ал бүгүн, 5-августта эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.
Лазарев 1/8 финалдык баскычта АКШлык спортчу Дэн Гейбл Стивенсон менен кармашты. Бирок 2 мүнөт 2 секунд ичинде 10:0 эсебинде утулуп калды.