Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунда Бекдөөлөт Расулбеков күмүш медалга ээ болду
Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстанда өткөн оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.
Расулбеков 15-декабрда 102 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча мелдешке катышты. Бул салмакта жалпы 17 спортчу болду.
Кошумчалай кетсек, Ташкентте спортчулар дисциплиналар боюнча өзүнчө чыгып, медалдарга ээ болушкан.