Таласта көк бөрү боюнча Республикалык чемпионат старт алды
Бүгүн, 26-октябрь күнү көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Аталган мелдеш Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жатат. Мелдешке бардык аймактардан келген 14 команда катышат.
Чүчүкулактын жыйынтыгы:
Чоңдор арасында А-тобу:
- Ош облусу
- Талас облусу
- Нарын облусу
Чоңдор арасында В-тобу:
- Чүй облусу
- Бишкек шаары
- Ысык-көл облусу
Жаштар арасында А-тобу:
А1 - Жалал-Абад
А2 – Ош
А3 – Бишкек
А4 - Чүй
Жаштар арасында В-тобу:
В1 – Талас
В2 – Баткен
В3 – Ысык-Көл
В4 – Нарын
Бүгүн, 26-октябрда оюн таласына чыга турчу командалардын убактысы:
Жаштар:
9:00 Жалал-Абад – Ош
10:00 Бишкек – Чүй
11:00 Талас –Баткен
12:00 Салтанаттуу ачылыш аземи
12:30 Ысык-Көл – Нарын