SerepTV Logo

Талас 1-орунду алды. Көк бөрү боюнча Республикалык чемпионат аягына чыкты

Талас 1-орунду алды. Көк бөрү боюнча Республикалык чемпионат аягына чыкты
26-октябрда Таласта башталган көк бөрү оюну боюнча чемпионат жыйынтыкталды. Биринчи оюнда Чүй жана Нарын командалары беттешип, 7:0 эсебинде жеңишкее ээ болушту. Экинчи оюндун жыйынтыгында Талас жана Чүй чоңдор курама командалары беттешип, 4:4 эсебинде оюн жыйынтыкталып, буллит ыкмасында эсеп 3:1 болуп, жалпы эсеп 7:5 болду. Биринчи орун (чоңдор) - Талас; Экинчи орун (чоңдор) - Чүй; Үчүнчү орун (чоңдор) - Ош. Биринчи орун (жаштар) - Чүй; Экинчи орун (жаштар) - Нарын; Үчүнчү орун (жаштар) - Талас. Мыкты оюнчу наамы (чоңдор) - Илис уулу Кушчубай (Талас); Мыкты аргымак - Көк-Мончок (Чүй); Мыкты оюнчу (жаштар) - Акбаржан уулу Калкаман (Чүй); Мыкты аргымак (жаштар) - Арча-Тору (Нарын).
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Федерация Көк-Бөрү (@kokboru_federation)

info