SerepTV Logo

Талант Бегалиев ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону болду

Талант Бегалиев ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Талант Бегалиев Лутраки шаарында (Греция) башталган күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.

Бегалиев финалдык беттеште америкалык Майкл Ли Мэдрини 11:0 эсебинде жеңди.

Чемпионат 24-октябрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандан Грецияга алты спортчу жана эки калыс барган.

edita