SerepTV Logo

Сүйүнчү! Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалын жеңди

Сүйүнчү! Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалын жеңди

Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарынын коло медалын жеңди.

Ал өз оюнун 6-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда америкалык спортчу Камала Бэйди жеңген. Бирок чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге утулуп калган. Казакстандын спортчусу жарым финалда азербайжандык атаандашын жеңип, Махмудов коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүн, 7-августта ал колумбиялык Алексис Муньоза менен беттешип, аны 9:0 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло медаль үчүн беттеште анын атаандашы азербайжандык Санан Сулейманов болду. Махмудов аны жеңип, коло медаль алды.

edita