SerepTV Logo

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды
Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча “2023-жылдын мыкты балбаны” наамына талапкерлиги көрсөтүлүп, наамды жеңип алды.  Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) боюнча талапкерлердин тизмесине Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алган 5 спортчу кирген. Тыныбекованын атаандаштары — Юи Сусаки(Япония), Акари Фужинами (Япония), Амит Элор(АКШ) жана Бусе Тосун (Түркия) болчу. UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын белгиледи. 2023-жылы Тыныбекова 6 турнирге катышып, анда 5 медаль — 4 алтын жана 1 коло утуп алган.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

edita