"Салам Кыргызстан". Роналдиньо Кыргызстанда 3 күн болорун айтты
Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келерин өзү билдирди. Ал видео кайрылуу кылды.
"Салам Кыргызстан. "Барса" расмий Кыргызстанда. Мен "Барса" легендалары менен кошо 3 күн сиздер менен болом. Жашасын Барса, жашасын Каталония, жашасын Кыргызстан", - деди ал.
Өлкөгө Роналдиньо менен испаниялык футболчу Карлес Пуйоль жана аргентиналык футболчу Хавьер Савиола да келишет. Алар «Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-август күндөрүнө белгиленген.