SerepTV Logo

Роман Петров 1/16 финалда утулуп, медаль үчүн күрөштөн чыгып калды

Роман Петров 1/16 финалда утулуп, медаль үчүн күрөштөн чыгып калды

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токиодогу Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.

Ал фехтование боюнча мелдешке катышкан. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, Петров 1/32 финалдан баштап, анын атаандашы кореялык спортчу Сегеон Ма болгон. Кыргызстандык 15:7 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, кийинки турга өткөн. 

1/16 финалда Петров Индонезияда 2018-жылы өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана 2019-жылкы Азия чемпиону, япониялык Ямада Масару менен беттешти.

Биринчи бөлүк япониялыктардын пайдасына 4:2 менен аяктады, бирок экинчисинде кыргызстандык эсепти 10:10 эсебине теңдөөгө жетишти. Экинчи бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө Масару дагы эки упай топтоп, 12:10 эсебинде алдыга чыкты. Үчүнчү бөлүктөгү айыгышкан күрөштө атаандашы 15:13 эсебинде жеңишке жетип, кыргызстандык оюнчу медалдар үчүн күрөштөн чыгып калды.

edita