Раззак Бейшекеев Азия оюндарынын коло байгесине ээ болду
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Раззак Бейшекеев 67 килограмм салмакта Азия оюндарынын коло байгесине ээ болду.
Спортчу коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык балбанды 1:1 эсебинде утту. Ага чейин алгачкы беттешинде япониялык балбанга жеңилген. Бирок атаандашы финалга чыгып, жубатуучу беттеште тажикстандык Фируз Мирзораджаповду 5:0 эсебинде жеңген.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206154,206157,206155,206156"]