"ПСЖ" клубу Лионель Мессинин кетип жатканын жарыялады
"Пари Сен-Жермен" футболдук клубу аргентиналык футболчу Лионель Мессинин кетип жатканын жарыялады. Бул тууралуу клубдун башкы машыктыруучусу Кристоф Галтье билдирди.
"Мен тарыхтагы мыкты футболчуну машыктырганыма сыймыктанам. 3-июндагы оюну анын акыркы беттеши болду", - деди ал.
Лионель Месси "Барселонадан" "ПСЖ" клубуна 2021-жылдын июль айында өткөн. Азырынча анын кайда барары белгисиз. Бирок буга чейин ЖМКларда Сауд Арабиянын «Аль-Хиляль» клубуна өтүүгө макул болгону жана алар жылына 400 миллион доллар төлөөгө даярдыгы жазылган.