Президенттин катышуусунда "Мурас" достук футбол турнири башталды
Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды.
Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады.
Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.
Турнирдин катышуучулары:
- Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;
- Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;
- Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;
- ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;
- Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары — “Спорт Чеберлери”;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлери — «Иш башкармасы»;
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;
- Дин өкүлдөрү — “Ыйман;
- Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;
- Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;
- Юстиция органдарынын кызматкерлери — «Юстиция»;
— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;
— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;
— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;
- Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү “Элчилер”;
- Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.
Эртең, 14-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.
