SerepTV Logo

Президенттин администрациясы "Өнөр" командасы менен тең чыкты. Садыр Жапаров эки гол киргизди

Президенттин администрациясы "Өнөр" командасы менен тең чыкты. Садыр Жапаров эки гол киргизди
Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш башталды.  Биринчи беттеште "Өнөр" командасы менен президенттин администрациясы кез келди. Биринчи бөлүктө "Өнөр" командасы 2:0 менен эсеби менен алдыга чыкты. Бул командадан Майрамбек Осмонов биринчи эсепти ачып берди. Ал эми экинчи бөлүктө президенттин администрациясынан түзүлгөн курама эсеп сандарын теңдей алышты. Президент Садыр Жапаров командасына 2 гол (бирөө пенальти) алып берди. Оюн 2:2 эсеби менен аяктады. "Президенттин администрациясы" командасынын курамы: 1. Садыр Жапаров — президент; 2. Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы; 3. Медетбек Букуев — Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси; 4. Аяз Баетов — юстиция министри; 5. Алмаз Бакетаев — финансы министри; 6. Умбеталы Кыдыралиев — «Кыргыз алтын» ишканасынын башкаруусунун төрагасы; 7. Азиз Аалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары; 8. Азамат Жаманкулов — маданият министри; 9. Алмасбек Абытов — парламенттеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү; 10. Муса Жаманбаев — президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси; 11. Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары; 12. Доскул Бекмурзаев — энергетика министри; 13. Данияр Амангелдиев — экономика министри; 14. Кудайберген Базарбаев — эмгек министри; 15. Алтынбек Эргешов — президенттин администрациясынын чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси. "Өнөр" командасынын курамы: 1. Кыргызбай Осмонов (капитан) — Кыргыз Эл артисти; 2. Актан Исабаев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти; 3. Кутман Жолдошев — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти; 4. Камчы Сарыбаев (дарбазачы) — актёр; 5. Рустам Сагыналиев — «Эл шайырлар» ансамблинин солисти; 6. Майрамбек Осмонов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти; 7. Мирлан Абдыкалыков — режиссёр, актёр; 8. Урмат Усенов — маданият министринин кеңешчиси; 9. Фархад Бекмамбетов — мамлекеттик цирктин директору; 10. Орозбек Кашкаев — «Кыргыз руху» фольколор ансамблинин көркөм жетекчиси; 11. Евгений Кузнецов — Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын жетекчиси; 12. Аалы Туткучев — Кыргыз Эл акыны; 13. Ырыскелди Осмонкулов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;.
edita