Пекинде өтүүчү Олимпиадага Кыргызстандан бир спортчу барат. Делегациянын курамы
Кытайда 4-20-февраль күндөрү өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын делегациясынын курамы белгилүү болду. Оюндарга өлкөнүн атынан бир спортчу катышат, ал - Максим Гордеев. Аны менен кошо Кытайга машыктыруучусу Игорь Борисов да барат. Спортчу 16-февралда тоо лыжасы боюнча жарышка түшөт.
Кыргызстандын делегациясынын курамы:
Максим Гордеев - спортчу;
Игорь Борисов - машыктыруучу;
Чолпон Жумагазиева - миссиянын шефи, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин кызматкери;
Садыр Мамытов - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти;
Кылычбек Сарбагышев - Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы.
Бүгүн, 24-январда президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылышына катышуу үчүн аралыктан иштөөгө өткөнүн билдиришти.