SerepTV Logo

Пекинде Олимпиада отунун үч күндүк эстафетасы башталды

Пекинде Олимпиада отунун үч күндүк эстафетасы башталды
Олимпиада отунун эстафетасы бүгүн, 2-февралда Пекинде башталып, үч күндөн кийин от Янцин менен Чжанцзякоуга, Улуу Кытай дубалына жана Жайкы сарайга барат, ал эми 4-февраль күнү кечинде Пекин Олимпиадалык паркына - XXIV кышкы оюндардын салтанаттуу ачылышына жеткирилет. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.  Кытайдагы эпидемиологиялык чаралар толук масштабдуу эстафетага жол берген жок, уюштуруучулар аны үч күнгө чейин кыскартууну жана кыска жол менен чектөөнү чечишти. Бул Олимпиада отунун роботтон роботко өткөн тарыхтагы биринчи эстафета болот. Эстафетага 1,2 миңдей факелчи катышат, алар калктын түрдүү катмарынын өкүлдөрү - мектеп окуучуларынан баштап илим жана искусство ишмерлерине чейин, алдыңкы жумушчулар жана башка өлкөлөрдүн жарандары да Олимпиада оту менен факелди алып жүрүү сыймыгына ээ болушту. Олимпиада 4-20-февралда, Паралимпиада 4-13-мартта өтөт.
edita