SerepTV Logo

Париж Олимпиадасы: кыргыз дзюдочулардын атаандаштары аныкталды

Париж Олимпиадасы: кыргыз дзюдочулардын атаандаштары аныкталды
Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча чүчү кулак кармалды. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти. Кубанычбек Айбек уулу жана Эрлан Шеров мелдештерин 1/16 финалдан башташат. Айбек уулу 28-июлда күрөшөт, анын атаандашы украиналык Богдан Ядов. Шеров 31-июлда мелдешин баштайт. Анын атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралес болот.
edita