SerepTV Logo

Париж Олимпиадасы: Денис Петрашов 14-орунду ээлеп, финалга чыкпай калды

Париж Олимпиадасы: Денис Петрашов 14-орунду ээлеп, финалга чыкпай калды

Кыргызстандык Денис Петрашов Парижде (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 14-орунду ээледи.

Ал кечээ, 30-июлда 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке катышты. Бул аралыкка жалпысынан 25 спортчу ат салышты.

Эки жарым финалдын жыйынтыктары боюнча кыргызстандык суучул 14-орунду ээлеп, тилекке каршы, финалга чыкпай калды.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от КЫРГЫЗДЫН СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ ?? (@prosports_kyrgyzstan)

edita