SerepTV Logo

"Өмүрүбүздү спортко арнап келе жатабыз". Азия чемпиону Жоламан Шаршенбековдун маеги

"Өмүрүбүздү спортко арнап келе жатабыз". Азия чемпиону Жоламан Шаршенбековдун маеги

Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медаль жеңген Жоламан Шаршенбеков маек берди. Ал өз маегинде Азия чемпиону аталган спортчу Тынар Шаренбеков менен бир тууган экенин, Акжол Махмудов менен достугу тууралуу кеп кылды.

"Финал биз үчүн ийгиликтүү болду десем болот. Биз командабыз менен Азия чемпиондугуна даярдандык. Грек рим күрөшү үчүн, спорт үчүн биз өмүрүбүздү арнап келе жатабыз жана муну менен токтоп калбайбыз. Буюрса Олимпиада медалын алып, Олимпиада чемпиону болобуз деген үмүттөбүз.  Албетте, мен үчүн ар бир балбан күчтү. Мага оңой болгон жок. Ар бир беттешке даярдангандай, ар бир балбанга даярдандым. Тынар Шаршенбеков менин бир тууган агам. Экөөбүз кичинекей кезден бери чогуу машыкчубуз. Мени грек рим күрөшүнө дал ушул байкем алып келген. Буюрса, Олимпиаданы багындырабыз.  Акжол Махмудов - менин эң жакын досум. Мен ал досумдан үлгү алам. Анын ар бир күрөшү мага дем берет. Экөөбүз беттештерде чогуу жүрөбүз. Олимпиадага чогуу барып келдик. Чогуу ийгиликтерге жетишип жүрөбүз", - деди ал.
edita