Оман менен болгон беттештен кийин индонезиялыктар Кыргыз курамасына ыраазычылык билдиришүүдө
Кечээ, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. Эки команда тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды. Кыргызстан эсеп сандарды 1:1 кылып теңөө менен Индонезиянын командасын кийинки баскычка өткөрдү.
Оюндан кийин плей-оффко чыккан Индонезиянын курамасынын күйөрмандары Кыргыз курамасына массалык түрдө ыраазычылык билдирип жатышат. Ал эми Жоэл Кожону Индонезиянын баатыры аташууда. Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын расмий баракчасына оюндан кийинки сүрөт жүктөлгөндө 73 миң "жакты" белгисин алса, 64 миңге жакын билдирүү калтырылган. Алардын көбү ыраазычылыгын билдирген индонезиялыктар.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="225127,225128,225129,225130,225131,225132"]