Олимпиадага катышкан спортчуларга кандай унаалар берилди? (сүрөт)
Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына, байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана ар бирине унаа берилди.
Сыйлык тапшыруу аземи 13-августта Эски аянтта өттү. Кыргызстандын курама командасына 16 спортчу кирсе, анын ичинен 6 спортчу — 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.
Спортчуларга 2 "Kia EV 9", 4 "Kia EV 6" жана 10 "Chevrolet Tracker" унаалары тапшырылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="249303,249304,249305,249306"]