SerepTV Logo

Олимпиада: Бишкекте бардык спортчуларга акчалай сыйлык жана унаа тапшырылды

Олимпиада: Бишкекте бардык спортчуларга акчалай сыйлык жана унаа тапшырылды
Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына, байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана ар бирине унаа берилди.  Сыйлык тапшыруу аземи 13-августта Эски аянтта өттү. Кыргызстандын курама командасына 16 спортчу кирсе, анын ичинен 6 спортчу - 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту. Күмүш медаль ээлери: Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү – 10 миллион сом жана унаа; Мунарбек Сейитбек уулу, бокс – 10 миллион сом жана унаа; Коло ээлери: Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү – 7 миллион сом жана унаа; Үзүр Жузупбеков, грек-рим күрөшү – 7 миллион ​​сом жана унаа; Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү – 7 миллион сом жана унаа; Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү – 7 миллион ​​сом жана унаа. Катышуучулар: Кубанычбек уулу Айбек — 500 миң сом жана унаа, Елизавета Печерских — 500 миң сом жана унаа, Денис Петрашов — 500 миң сом жана унаа, — Эрлан Шеров — 500 миң сом жана унаа, Эрназар Акматалиев - 500 миң сом жана унаа, Айаал Лазарев — 1 миллион сом жана унаа, Бекзат Алмаз уулу — 1 миллион сом жана унаа, Амантур Исмаилов — 1 миллион сом жана унаа, Айпери Медет кызы — 1 миллион сом жана унаа, Сардана Трофимова - 1 миллион сом жана унаа.
edita