SerepTV Logo

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу америкалык атаандашынан жеңилип калды

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу америкалык атаандашынан жеңилип калды
Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында чейрек финалда утулуп калды. Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган. Кыргызстандык биринчи беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен кез келди. Алмаз уулу 2:12 эсебинде утулуп калды. Америкалык спортчу финалга чыкса, Алмаз уулу 9-августта коло үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алат. 
edita