SerepTV Logo

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова украиналык атаандашынан жеңилип калды

Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова украиналык атаандашынан жеңилип калды
Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова финалга чыга албай калды. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмактагы биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен беттешти. Тыныбекова аны 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда ал АКШдан келген спортчу менен беттешип, аны да жеңип алды. Жарым финалдык беттеште анын атаандашы украиналык спортчусу болду. Тыныбекова андан 9:2 эсебинде жеңилип калды. Тыныбекова эми коло үчүн беттешет.
edita