SerepTV Logo

Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине кирди
ФИФАнын экс-рефери Нурдин Букуев Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.  Маалыматка караганда, ал калыстык кылган Дүйнөлүк чемпиондуктардын саны боюнча абсолюттук дүйнөлүк рекорддун ээси. Ал калыстык кылган 4 Дүйнөлүк чемпиондук бар - Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021. Букуевдин ФИФА калысы катары акыркы беттеши Литвада өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши болгон. Анда Аргентина менен Португалия курама командалары беттешкен. Ал карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык калыс (ФИФА) болгон. Букуев 2013-жылы Азиянын мыкты калысы, ошондой эле 2012, 2019 жана 2021-жылдары Кыргызстандын футзал боюнча мыкты калысы деп табылган. 2021-жылы Букуев КФСнын башкы катчысы кызматын ээлеген.
edita