Нооруз турниринде "Ынтымак" чемпион болду
Бүгүн, 21-мартта Талас облусунун "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын жеңип, Жогорку Лигада чемпион болду. Финалдык беттеш 4:1 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен жыйынтыкталды.
Алты команда ат салышкан Жогорку Лигада 3-орунду "Достук", 4-орунду "Ала-Тоо", 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды.
Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.