SerepTV Logo

Нооруз: Көк бөрү боюнча республикалык мелдештер башталды

Нооруз: Көк бөрү боюнча республикалык мелдештер башталды
Кечээ, 13-март күнү Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата республикалык мелдештер башталды. Мелдештин биринчи күнү жалпы 7 оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
Экинчи лига:
"Ак-Суу" жана "Аккула" - 0:2;
"Кара-Балта" жана "Тянь-Шань" - 5:0;
"Көк-Жал" жана Ак-Илбирс" - 3:1;
Биринчи лига:
"Ысык-Ата" жана "Ачы" - 2:1;
"Кемин" жана "Саякбай-Ата" - 3:0;
"Жаштык" жана "Өзгөн ынтымагы" - 5:4;
"Бишкек Четинде" жана "Бакай-Ата" - 3:2.
Бүгүн чыга турган курама командалардын тизмеси:
9:00-9:55 - "Теңир-Тоо" - "Сары-Өзөн Чүй" (40 жаш);
10:00-10:55 - "Жалал-Абад" - "Жети дубан" (40 жаш);
11:00-11:30 катышуучулардын парады:
13:00-14:30 "Сары-Өзөн" - "Ак-Шумкар" (Жогорку лига);
14:30-15:25 "Ардагерлер" - "Ысык-Көл" (40 жаш);
15:30-16:25 "Сары-Өзөн Бишкек" - "Талас" (40 жаш);
16:30-17:25 "Ош шаары" - "Суусамыр" (40 жаш).
info