«Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады. Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.
Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:
«Президенттин командасы» – «Спорт Жылдыздары»;
«Коопсуздук» – «Ыйман»;
«Спорттук Федерациялар» – «Достук»;
«Өнөр» – «Ден-Соолук».
Эртең, 28-майда "Газпром- балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="183095,183098,183097,183099,183100,183096"]