“Мурас” достук мелдешинде “Президенттин командасы” 1-орунду алды
Бүгүн, 15-декабрь күнү борбор калаада жайгашкан Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде «Мурас» достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү.
Бүгүн орун алган турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште «Ыйман» командасы «Жогорку Кеңешти» 7-1 эсеби менен ишеничтүү түрдө жеңип чыкты. Ал эми, финалдык беттеште «Президенттин командасы» «Достук» менен кез келип, 6-4 эсеп саны менен жеңди.
Финалдык беттештен кийин дароо командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
?1-орун - «Президенттин командасы»
?2-орун - «Достук»
?3-орун - «Ыйман»
?4 орун - «Жогорку Кеңеш»
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
✔️ Мыкты оюнчу - Азимжан Кадыров (Достук)
✔️ Бомбардир - Садыр Жапаров (Президенттин командасы)
✔️ Мыкты дарбазачы - Султан Осмонбеков (Ыйман)
Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар арасында төмөндөгүдөй ирээтте бөлүштүрүлдү:
- 1 орун – 400 миң сом;
- 2 орун – 300 миң сом;
- 3 орун – 200 миң сом;
- 4 орун – 100 миң сом.
Ал эми жеке номинациялардын ар бир ээси 50 000 сом сыйлыкка ээ болду.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="264054,264055,264056,264057"]