SerepTV Logo

Мунарбектин апасы: "Кызга сөйкө салып койгонбуз. Уулум 10 күндөн кийин үйлөнөт"

Мунарбектин апасы: "Кызга сөйкө салып койгонбуз. Уулум 10 күндөн кийин үйлөнөт"
Бул жолу "Бейишим - ата-энем" берүүбүздүн каармандары Париж олимпиадасында күмүш медаль утуп келген Мунарбек Сейитбек уулунун ата-энеси. “Уулум финалдык беттешке чыгар алдында анын жалгыз турган видеосун көрүп жүрөгүбүз ооруду. Алтургай уулумдун беттешин соңуна чейин көрө албайбыз” дейт мушкердин ата-энеси. "Мунарбек уулум 24-августта үйлөнөт. Ошол күнү келинди алып келебиз деп турабыз. Келин Ноокен районунан. Алдына барып келдик. Алар да жакшы кабыл алышты", - деди атасы. "Олимпиадага кетип жатканда сөйкө салып коелу деди. Сөйкө салып койдук. Ал кеткен соң, күндү белгиледик. Калың да берип койгонбуз. Келиши эле калды. Азырынча Ошто эле болот", - деди апасы. https://youtu.be/DoiDaILZ9OI
edita