SerepTV Logo

Москвада өткөн Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев 3-орунду ээледи

Москвада өткөн Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев 3-орунду ээледи
Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ушул жылдын 7-9-апрель күндөрү Москва шаарында “Достук кубогу-2023” кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубогунун этабы болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан. Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири -  ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири майор Ринат Байшериев. Байшериев 95, 95+ килограмм салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты. Ал кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174190,174191,174192"]
edita