SerepTV Logo

Месси менен Роналду кайрадан футбол талаасында беттешиши мүмкүн

Месси менен Роналду кайрадан футбол талаасында беттешиши мүмкүн

Лионель Месси менен Криштиану Роналду кайрадан футбол талаасында жолугушу мүмкүн.

Аргентиналык оюнчу ойногон "Интер Майами" португалиялык футболчу ойногон "Аль-Наср" менен жолдоштук беттеш өткөрөрүн расмий жарыялады.

Беттеш 1-февралда Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) айлампалуу турнирдин алкагында өтүп, анда Неймар ойногон “Аль-Хилал” да оюн көрсөтөт.

Акыркы жолу Месси менен Роналду ушул жылдын 19-январында ПСЖ менен "Аль-Наср" жана "Аль-Хилал" оюнчуларынан куралган улуттук курама команданын ортосундагы жолдоштук оюнда беттешкен. Анда ПСЖ 4:3 эсебинде жеңишке жеткен.

edita