SerepTV Logo

Месси карьерасын АКШда улантат

Месси карьерасын АКШда улантат
Аргентиналык футболчу Лионель Месси карьерасын америкалык «Интер Майами» клубунда улантат. Бул тууралуу ал өзү Mundo Deportivo басылмасына билдирген. Буга чейин анын франциялык «Пари Сен-Жермен» клубунан кеткени маалымдалган болчу. Аталган клубга ал 17 жыл ойногон "Барселонадан" кеткенден кийин 2021-жылы өткөн эле. «Интер Майами» клубу Дэвид Бекхэм башкарган инвесторлордун тобуна тиешелүү.
info