Месси баштаган Аргентина Хорватияны жеңип, Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Аргентинанын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алгачкы финалисти болду.
Биринчи жарым финалда аргентиналыктар Хорватиянын курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
15-декабрга караган түнү экинчи жарым финалда Франция менен Марокконун командалары беттешет.