"Мээрим, рахмат! Финалга чыкканың сыйга жана сыймыкка татыктуу". Соцтармактагы реакция
Бүгүн, 7-августка караган түнү Мээрим Жуманазарова жайкы Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңди. Соцтармактын кыргыз сегментинде колдонуучулар балбан кыздын финалдык беттеши боюнча өз пикирлерин жазып, алардын көбү ыраазычылык билдиришүүдө.