Мээрим Жуманазарова жаракат алган соң 4 ай тыныгуу алганын, беттештерге даярдана баштаганын айтты
Социалдык тармактарда "Мээрим Жуманазарованын жаракат алып, 4 айлык тыныгуудан кийинки маеги" деген аталыштагы видео тарап жатат.
- Балбан Мээрим Жуманазарова 2023-жылдын сентябрь айында Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыга алган эмес. 1/8 финалдык беттеште украиналык менен болгон беттеште кыргызстандык жаракат алып, чейрек финалда күрөшүн улантууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жуманазарова медалдар жана Олимпиада лицензиясы үчүн күрөштөн четтеп калган.