Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.
Жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Норвегияда кыргыз балбан кызы алтын медалга ээ болду жана бул ага дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. Кыргызстандык спортчу лидерден 9 упайга артта калды.
Дүйнөлүк рейтинг: 68 килограмм салмакка чейин
1. Тамира Сток Менса (АКШ) - 123 упай;
2. Мээрим Жуманазарова - 114 упай;
3. Блэссинг Оборудуду (Нигерия) - 90 упай;
4. Ханум Велиева (Орусия) - 65 упай;
5. Адела Ханзликова (Чехия) - 42 упай.