SerepTV Logo

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль утту

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медаль утту
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө. Жуманазарова 68 кг салмакта өзбекстандык Озода Есбергенованы 11:1 жана казакстандык Анастасия Панасовичти 10:0 эсепте артта калтырган. Жарым финалда мекендешибиз Кореядан келген Чон Ын-Сунду 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалда кыргызстандык спортчу монголиялык Делгерма Энксайханды 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалды тагынды. https://youtu.be/ivYuFX2G38o Аталган чемпионатка Айпери Медет кызы (76 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Назира Марсбек кызы (57 кг) катышууда. Ал эми Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль жеңип алды. Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңген.
Unknown Author