Машыктыруучу: "Жуманазарова колун кокустатып алып, оюндан чыгып калды"
Дүйнө чемпиондугунда балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаракатынан улам беттештен четтеп калган.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат берди. "Жуманазарова колун кокустатып алып, оюндан чыгып калды. Кантсе да биздин кыздарыбыз жакшы күрөш көрсөтүштү", - деди ал.