"Манас" ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV4". Токио Олимпиадасында медаль алгандарга сыйлык тапшырылды
Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга мамлекеттик сыйлык тапшырды.
Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган спортчу Айсулуу Тыныбековага 2-даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президент Садыр Жапаровдун атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Ошондой эле, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Акжол Махмудовго да 2-даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Токиодогу Олимпиада оюндарындагы коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион сом акчалай сыйлык жана президенттин атынан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.