SerepTV Logo

Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылды
Бүгүн, 20-мартта Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү мелдешинде улакчы Манас Ниязов оюн учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын соцтармактагы баракчасында жарыяланды. Манас Ниязов Жогорку Лиганын 3-оруну үчүн мелдеште "Ала-Тоо" жана "Достук" командалары беттешип жаткан учурда жаракат алды. Тагыраагы беттеште 1-1 эсеби катталып, оюн буллитке барган. Дал ошол буллитте Манас Ниязов аттан кулап, жаракат алып калганына байланыштуу "Ала-Тоо" буллитти уланткан жок. "Достук" 3-орунду алды. Ал эми Манас Ниязов азыркы учурда Чолпон-Ата шаарынын ооруканасында.
edita