SerepTV Logo

“Manas cup 2025” – Орусия курамасынын жеңиши менен аяктады

“Manas cup 2025” – Орусия курамасынын жеңиши менен аяктады
“Manas cup 2025” (U-23) турнири Орусиянын курамасынын жеңиши менен аяктады.  Кечээ, 18-ноябрь күнү Манас шаарында эл аралык Manas cup 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Анда 8:0 эсебинде коноктор Кыргызстандын олимпиадалык курамасын жеңди. Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Бахрейн жана Иран курамасын 2:1 эсебинде жеңген. Мелдештин жалпы жыйынтыгы: 1-орун - Орусия (9 упай) - 50 миң АКШ доллары; 2-орун - Кыргызстан (6 упай) - 30 миң АКШ доллары; 3-орун - Иран (3 упай) - 20 миң АКШ доллары; 4-орун - Бахрейн (0 упай) - 10 миң АКШ доллары; «Mанас Сup 2025» салттуу мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт.   [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="296814,296815,296818,296820,296821,296822,296816"]