SerepTV Logo

Малайзияда кыргызстандык автоспорт боюнча жарышта алтын медаль утуп алды

Малайзияда кыргызстандык автоспорт боюнча жарышта алтын медаль утуп алды

Малайзияда өткөн автоспорт боюнча жарышта  Улукбек Байзаков алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кечээ, 1-октябрда Куала-Лумпурда (Малайзия) өткөн "автослалом" категориясы боюнча Азия-Тынч океан автоспортунун чемпиондугунда Кыргызстандын атынан чыккан Улукбек Байзаков биринчиликти жеңип алды. Ал Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Кыргызстандын автомотоспорт боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия-Тынч океан чемпиондугуна катышты. Бул оюндарга жалпысынан 27 өлкөнүн командалары ат салышкан.

[gallery link="file" columns="1" size="full" ids="205421"]
Unknown Author