SerepTV Logo

Лионель Месси жетинчи жолу "Алтын топту" алды

Лионель Месси жетинчи жолу "Алтын топту" алды

"Алтын топту" ПСЖ жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси алды. 34 жаштагы аргентиналык спортчу бул сыйлыкты 7-ирет жеңип алды. Албетте, бул рекорддук көрсөткүч.

Криштиану Роналду "Алтын топтун" саны боюнча экинчи орунду ээлейт, анын 5 сыйлыгы бар.

2021-жылы Месси "Барселона" менен Испаниянын Кубогун жеңип, 2020/21 сезонун 30 гол менен Ла Лиганын эң мыкты бомбардири катары бүтүргөн жана Аргентина менен биринчи жолу Америка Кубогун жеңген. Буга чейин Месси 2009-жылдан 2012-жылга чейин, ошондой эле 2015 жана 2019-жылдары катары менен төрт жолу "Алтын топту" алган. Өткөн жылы алар сыйлыкты коронавирустун пандемиясынан улам тапшырбоо чечимин кабыл алышкан.

edita