SerepTV Logo

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатат
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнь күнү башталган, 14-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
- 62 килограмм Айсулуу Тыныбекова;
- 76 килограмм Айпери Медет кызы;
- 68 килограмм Мээрим Жуманазарова;
- 65 килограмм Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы;
- 72 килограмм Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева;
- 57 килограмм Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова;
- 69 килограмм Гульнур Таштанбекова, Элина Бакытова;
- 55 килограмм Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова;
- 59 килограмм Аяна Асаналиева;
- 48 килограмм Азема Калидинова;
- 50 килограмм Асема Төрөгелдиева;
- 53 килограмм Айжаркын Жаныбекова;
- Рысбек Максүтов спаринг-партнер;
- Икром Максат уулу спаринг партнер;
- Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
- Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.
Окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
info