SerepTV Logo

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло) утту.
Алтын медаль ээси:
?72 килограмм Нурзат Нуртаева.
Күмүш медалдын ээлери:
?55 килограмм Арууке Кадырбек кызы;
?67 килограмм Кайыргүл Шаршебаева;
Коло медалдын ээлери:
?65 килограмм Дильназ Сазанова;
?68 килограмм Гульнура Таштанбекова;
Курама команда улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
info