SerepTV Logo

Кышкы Азия оюндары: Хоккей боюнча улуттук курам Бахрейнди 29:0 эсебинде утту

Кышкы Азия оюндары: Хоккей боюнча улуттук курам Бахрейнди 29:0 эсебинде утту
Бүгүн, 5-февралда Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин 2-туру башталды. Улуттук курам экинчи айлампада Бахрейндин командасы менен ойноду. Кыргызстандык хоккейчилер Бахрейнди 29:0 эсеби менен жеңди. Улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде жеңип, 2 упай менен "В" тайпасында 2-орунду ээлеген. Ал эми 3 упай менен 1-орунда Сингапур өлкөсү келе жатат.